Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук Ж.Жунушов жасаган комуздарды «Өмүр» тобундагы инилери чертет (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 63 жаштагы тургуну Жылкыбай Жунушов жасаган комуздарын «Өмүр» тобундагы бир тууган инилери чертип жүрөт. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, устачылык өнөрдү атасынан үйрөнгөн.

«Мен эң биринчи комузумду аскерде жүргөндө чапкан элем. Атам уста киши болчу. Ошол кишиден көп нерсени үйрөндүм. Аскерден келгенден кийин атам менен кошо комуз чаптым. Атам кайтыш болгондон кийин да бул өнөрдү калтырбай, комуз жасап келе жатам. Комуз чаап келе жатканыма жалпы 38 жылдай болуп калды. Жылына 15-20 комуз жасайм. Комузду чабардан мурда материалын даярдаганга эле 1 жылдан ашык убакыт кетет. Ошентип бир комуз даяр болуш үчүн жалпы 2-3 жылга чейин убакыт сарпталат.

Комузду өрүктөн, карагайдан, жаңгактан жасайм. Эң жакшысы өрүктөн жасалат. Комузду алгач чертип көргөн соң үнүнө жараша баа берем. Өрүктөн жасалган комуздарды 7 миң сомдон 20 миң сомго чейин баалап, жаңгактан жасалган комуз 7-8 миң сомдон болсо, карагайдан жасалган комуздар 3-4 миң сомдун тегерегинде бааланат. Комуздарымды көбүнчө Кыргызстандагы комузчулар сатып алышат. Бир жолу Италиядан келген турист бир комузумду атайын кооздотуп, 15 миң сомго сатып алып кеткен. Өзүмдүн бир тууган инилерим — Жунушов Рысбек менен Жунушов Камчыбек «Өмүр» тобунда оң кол, сол кол комуз чертишет, дагы бир иним — Жунушов Нурлан саксофондо ойнойт», - дейт уста.

Ошондой эле, ал учурда кыл кыяк жасап жаткандыгын белгиледи.

«Учурда кыл кыяк жасап жатам. Буга чейин ооз комуз жана аттын ээр токумун жасачумун. Атам уста киши болсо да комузду мыкты чертчү. Балдарынын баарына атамдын таланты өткөн экен. Келечекте жасаган комуздарымды чет элдиктерге дагы жеткирсем дейм. Ошондой эле, комуз жасаганды шакирттериме үйрөтүүнү пландап жатам», - дейт ал.

Жылкыбай Жунушов 5 кыз, 2 уулдун атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1996
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×