Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Спорттун 4 түрү менен машыккан тоңдук Илгиз жаштарды сергек жашоого үндөдү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын 17 жаштагы тургуну Илгиз Майрамбеков спорттун жеңил атлетика, волейбол, футбол, баскетбол түрлөрү менен машыгып келет. Аймактык кабарчы жаш спортчудан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда ал айылдагы К.Иманалиев атындагы орто мектептин бүтүрүүчү классында окуйт.

«Мен Коңур-Өлөң айылында 2000-жылы төрөлгөм. Бала чагымдан баштап спортко кызыккандыктан азыркы учурда спорттун жеңил атлетика, волейбол, футбол, баскетбол түрлөрү менен машыгып келем. Спорт менен машыгуума өзүмдүн байкем түрткү болгон. Ал машыгып жүрсө, мен дагы андай болууну кыялданчумун. Кичине кезиңде эле спортко шыктуу болчусуң деп калышат.

2016-жылы 400 метр аралыкка суркоо боюнча мелдеште 3-орунга ээ болдум. Бул менин эң алгачкы ийгилигим эле. Кийин дагы көптөгөн ийгиликке жетише алдым. Волейбол боюнча 2-орун, жаңы жыл майрамына карата өткөрүлгөн марафондо 1-орунду ээлегем. Чуркоо боюнча 8-манасиадада 3-орунду, волейбол боюнча мелдештен 2-орунду багындырдым», - деди И.Майрамбеков.

Ал мектептер аралык сынактарга да активдүү катышат.

«Тарых сабагы боюнча 2-орунду, Манас тануу боюнча облустук таймаштан команда менен бирге 3-орунду алганбыз. Ал эми «Ысык-Көл жылдыздары» сынагында ырдоо боюнча 2-орун алгам. Учурда мен спорт менен машыгууга көбүрөөк басым жасап жатам, зооналык оюндардан ийгилик багындырсам дейм. Эң негизгиси мектебимди уят кылбай, татыктуу орун алууга аракет кылып жатам. Ошондой эле, мага окшогон жаштарды спорт менен машыгууга үндөйм. Ичкилик, баңгилик сыяктуу жаман нерселерден алыс болуп, интернетти аз колдонуп, билимге умтулалы дейт элем. Билим менен спорт максатыбызга жетүү үчүн колдонула турган негизги курал болуп саналат. Мен келечекте мекенди коргоого салым кошуу үчүн аскер кызматкери болуп иштегим келет», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 571
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×