Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 15.01.2018 10:38

Айыл турмушу: Кулатуу эр таймашы менен машыккан тоңдук Эдил эл аралык турнирлерге даярданууда (фото)

Turmush -  Тоң районунун Төрт-Күл айылынын 20 жаштагы тургуну Эдил Эсенгулов 3 жылдан бери кулатуу эр таймашы менен машыгып, ийгиликтерге жетишүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал окууну бүткөн соң кулатуу эр таймашы менен машыга баштаган.

«Мен кулатуу эр таймашы менен 3 жылдан бери машыгып келе жатам. Мурда эле спорттун ушул түрүнө кызыкчумун. Кичинекей чагымда күрөшкө катышчу элем. Окууну бүткөндөн кийин кулатуу эр таймашты тандап, машыга баштадым. Башында жакшы машыгуу жоктугуна байланыштуу 3-орунду 4 жолу, бир жолу 2-орунду ээледим. Учурда машыгууга жакшыраак киришип, эл аралык турнирлерге даярданып жатабыз. Жакында эле профессионалдуу турнир болуп, анда 2-орунга ээ болдум. Башында мелдешке чыгып жатканда бир аз коркуу сезим болуп, бирок биринчи мелдештен кийин жоголду. Спорттун бул түрү менен машыгуу ден соолукка пайдалуу. Келечекте кулатуу эр таймашы боюнча эл аралык аренада Кыргызстандын желегин желбиретсем деген максатым бар», - деди ал.

Эдил Эсенгулов үч бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×