Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жаш талант: Тоңдук 16 жаштагы Назим «Тумар» бийчилер тобу менен ийгиликтерди багындырууда (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 16 жаштагы тургуну Назим Тойчубекова «Тумар» бийчилер тобунда бийлеп, көптөгөн иш-чараларга катышып келет. Аймактык кабарчы жаш таланттан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда ал Ж.Алтымышбаев атындагы мектепте 9-класста окуйт.

«Мен 8 жашымдан баштап бийге катышып келем. Ал эми «Тумар» бийчилер тобуна кирип бийлегениме 1 жылдан ашты. Ар түрдүү бийлерди бийлейбиз, бирок улуттук бийге басым жасайбыз. Бийдеги кыймылдарды өзүбүз табабыз, кээде интернеттеги видеолордон карап үйрөнөбүз.

«Ысык-Көл жылдыздары» сынагында 1-орунду ээлегенбиз. Тоң району боюнча «Тоңдун мыктылары» наамынын ээси болдук. Каракол шаарында өткөн «Жаш таланттар сынагында» 1-орунга ээ болгонбуз. Ар дайым 1-орунду багындырып келебиз. Бизде 10дон ашык бийибиз бар. Форманы мектептин жетекчилиги тиктирип берет. Ошондой эле өзүбүз дагы акча чыгарабыз. Көйнөктөрдү улам жаңыртып турганга аракет кылабыз. Бош убактымда бийден сырткары китеп окуйм, информатика сабагы жана сайма саюу, түймө түйүү боюнча ийримдерге катышууга даярданып жатам. Келечекте «Тумар» бийчилер тобу менен эл аралык мелдештерге катышып, жеңиштерди багындырууну максат кылам», - деди Назим.

Ал төрт бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 509
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×