Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 06.01.2018 11:43 Жаңыланды: 06.01.2018 17:27

Жеңеке: Тоңдук 27 жаштагы Жайнагүл төркүнүнө барарда чоң кайненесинин методун эстейт (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Тоң районуна караштуу Дөң-Талаа айылынынын 27 жаштагы тургуну Канатбек кызы Жайнагүл. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда жолдошу экөө тең мектепте мугалим болуп иштешет.

«Мен 2007-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылы И.Арабаев атындагы университеттин филология факультетине тапшырып, 2013-жылы бүткөм. 1-курста окуп жүргөндө турмушка чыктым. Жолдошум 1987-жылы Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында төрөлгөн. Учурду экөөбүз тең айылда С.Эркинбаев атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштейбиз. Мен 1-курста окуп жүргөндө жолдошум мен окуган университетте 3 - курста окучу экен. Ал мени бир көрүп жактырып калгандыгын, номеримди бирөөлөрдөн алгандыгын айтып калат. Экөөбүз телефон аркылуу таанышканбыз. Алгачкы жолуккандан эле анын жоопкерчиликтүү экенин жактыргам. Сүйлөшкөнүбүзгө 6 ай болгондо баш коштук. Үй-бүлө куруп, 1 уул, 2 кыздуу «болдук», - дейт Жайнагүл.

Ал жаңы турмушка чыкканда төркүнүнө бара албай ыңгайсыз абалда болгондугун айтат.

«Кайненем менен мамилем жакшы. Ал өзүнүн кайненесинин кээ бир методдорун мага да айтып калат. Мен үчүн эң оору эле төркүнүмө барар мезгил эле. Анткени, илгери кайненемди кайненеси төркүнүнө жеберчү эмес экен. Эки жылда бир жолу барып, бир же эки күн конуп, кайра бат эле келчү экен. Мен дагы төркүнгө барам десем эле кайненем ушул окуяны айтып, чоң кайненемдин методун эскертип калат. Жаңы келин болуп келгенде сурана албай, көпкө бара албай жаман болуп жүрдүм. Бирок, убагы келгенде кайненем каршы болбой жиберип турат», - деди ал.

Ошондой эле, жаш жубайлар райондо өткөн сынакта «Мыкты үй-бүлө» наамына ээ болушкан.

«Тоң жаштары уюштурган сынакта «Мыкты үй-бүлө» наамын жеңип алдык. Бул биз үчүн өтө чоң сыймык болду. Себеби биздин баш кошконубузга быйыл июнь айында 10 жыл болот. Башкаларга үлгү катары биз тандалганыбызга кубандык. Биздин максатыбыз - балдарыбызга татыктуу тарбия берүү жана биз окуткан окуучуларыбыздын мыкты инсан болушуна салым кошуу», - дейт Жайнагүл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×