Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Фото - Тоңдук 17 жаштагы Алия 30 күн, 30 түн «Манас» айтуу республикалык сынагында 1-орунду ээледи

Turmush -  Тоң районунун Туура-Суу 2 айылынын 17 жаштагы тургуну Алия Калыбекова 30 күн, 30 түн «Манас» айтуу республикалык сынагында 1-орунду багындырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынак «Манас» эпосун жайылтуу, манасчылыкты аркалагандарды колдоо жана бул өнөргө жаштарды тартуу максатында өткөрүлүп келет.

«Аталган сынак эки түрдө өткөн. Биринчиси 18 жашка чейинкилер — тай тебиш, экинчиси 18 жаштан жогоркулар — кунан чабыш деп аталат. Мен 18 жашка чейинкилер арасында биринчи орунду багындырдым», - дейт Алия Калыбекова.

Ал учурда Сагынтай атындагы орто мектебинде 11-класста окуйт.

2013-жылдын 4-декабрында «Манас» үчилтиги ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан катталган жана бул күн Манас күнү деп жарыяланган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1377
Көп окулду
×