Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Тоңдо баптисттик сыйынуу үйүнүн бөлмөсү өрттөндү (фото)

Turmush -  Тоң районунда христианчылыктын баптист агымын тутунган адамдардын сыйынуучу үйүнүн бөлмөсү өрттөндү. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады.

Анын айтымында, 2-январдан 3-январга караган түнү саат 01:00 чамасында кошуналар сыйынуучу үйдө өрт чыкканын көрүшкөн. «2-январда сыйынуу үйүндө жолугушуу болгон. Андан кийин бардыгы үйлөрүнө кетишкен. 1960-жылы туулган күзөтчү (жергиликтүү тургун) имаратты бекитип, үйүнө кеткен. Болжол менен саат 01:00 чамасында күзөтчүнүн үйүнө кошуна аял барып, сыйынуучу үйдөн өрт чыкканын билдирген. Күзөтчү дароо өрт өчүрүү кызматын чакырган. Өрт толугу менен өчүрүлгөн. Тоң РИИБдин териштирүү тобу окуя болгон жерге барып, өрттүн себебин аныктоо үчүн бир катар экспертиза дайындады», - деди ал.

Аталган сыйынуучу үй 1998-жылдан бери иштейт. Аны 1977-жылы туулган жергиликтүү тургун жетектейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 735
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×