Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк К.Гапаров айылда эң көп киреше тапкан багбандардын бири (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургуну Каныбек Гапаров эң көп киреше тапкан багбандардын бири. Аймактык кабарчы тургундан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал бала кезинен бери айыл чарба адиси болууну самачу. Мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарынан айыл чарба техникумун аяктап, андан кийин билимин Алмата шаарынан жогорулатып келген. Учурда 20 сотых жерден эң көп киреше тапкан багбандардын катарында.

К.Гапаров Жыргалаң өрөөнүнөн 1 гектар жер алып, анын 20 сотых жерине питомник уюштурган. Ал жерде алманын 10 сортун, карагаттын 4 сортун өстүрөт.

«Айыл чарба, анын ичинен мөмө-бактар боюнча адисмин. Бул менин сүйгөн кесибим. Ар бир көчөттү жакшы көрүп өстүрөм. Союз маалында «Челпек» тажрыйба алмашуу станциясында агроном болуп иштегем. Ал жерден тажрыйбалуу агрономдордон алган билимим менен азыр жергиликтүү тургундар менен бөлүшүп, багбандар кызыккан суроолор боюнча кеңеш беребиз. Кээ бири интенсивдүү технологияны, бир түптөн көп түшүм алууну каалашат. Экинчилери салттуу технологияны жандандырышат. Ошондой эле, бакчаны кароо, дарылоо боюнча суроолорго жооп беребиз», - дейт ал.

К.Гапаровдун айтымында, бир түп алмадан 240 кг алма алган учур болгон.

«Жер канча тар болсо, адам ошончо акыл менен иш кылат экен. Кантип көбөйтүп, алдыга жылам деген суроо жаралат. 20 сотых жерден көп түшүм алууга аракет кылам. Атайын бир түп алманы эсептеп көрсөм 240 кг түшүм бериптир. Алманын түшүмүн жергиликтүү соодагерлерге сатам», - дейт ал.

Каныбек бир уул, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 710
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×