Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 03.01.2018 11:27

Айыл турмушу: Тоңдук Тойчубек картошка казган аппарат жасап, жылына 1 млн сом киреше табууда (видео)

Turmush -  Тоң районунун Ак-Сай айылынын 40 жаштагы тургуну Тойчубек Асанакунов картошка казган аппаратты колго жасады. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал жылына 6-7 гектар жерге эккен картошкадан 250-300 тоннага чейин түшүм алып, жылына 1 миллион сомдон ашык киреше табат.

«Өзүбүз дыйкан болуп жер иштеткенден кийин кол менен картошка эгип жүрдүк. Кийин 6-7 гектар жерге картошка эгип баштаганда кол менен иштеген бир топ убакытты жана түйшүктү жаратып, ушундай аппараттарды жасоого туура келди. Мен бала кезимде эле колго оюнчуктарды, а түгүл тетиктери болсо шайтан араба дагы курап алчумун. Бул жөндөмдүн аркасы менен картошка сээп, казган жана сарымсак сепкен аппараттарды жасадым. Алгач заводдон чыккан аппараттарды көрүп, колго жасап чыккам.

Мен жасаган аппарат таштак жерге ылайыкталган. Заводдон чыккан аппарат ташы жок топурактуу жерге ылайыкталган. Ал эми менин аппаратымды көргөндөр кызыгып, жасап бер деп суранышат. Буга чейин бирди жасап, кошуна айылга 400 миң сомго саткам. Мурда 6 гектар жерге картошканы 10 жумушчу жалдап 2 жума сепсем, бул аппарат менен 6 гектар жерге картошканы 3 күндө эле сээп бүтөм. Мен жалпы 20 гектар жерди иштетем. Чөп, буудай эгип, 6-7 гектарга картошка өстүрөм. Үрөндөрдү буйрутма менен Голландиядан алабыз. 250-300 тоннага чейин картошканын түшүмүн алып, 1 миллион сомдон ашык киреше табам. Келечекте сарымсакты көбөйтсөм деп пландап жатам», - дейт элеттик дыйкан.

Тойчубек Асанакунов 3 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×