Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 03.01.2018 10:19

Айыл турмушу: Тоңдук баатыр эне Г.Насирдинова жетектеген «Шайыр апалар» тобу концерт тартуулады (фото)

Turmush -  Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын 63 жаштагы тургуну Гүлсада Насирдинова «Шайыр апалар» тобун жетектеп келет. Аймактык кабарчы топтун жетекчиси менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алар жаңы жыл алдында майрамдык концерт тартуулашты.

«Мен СССРдин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагам. Окуу жайды 1978-жылы аяктап, кыргыз тилчи мугалим болуп иштедим. Учурда пенсиядамын. Мектепте 33 жыл эмгектендим. Жалпысынан үч айылда — Ала-Баш, Көл-Төр, Коңур-Өлөң айылдарында иштедим. Эл агартуунун отличниги болдум. Кийин жаштарга орун бошотуп берүү үчүн пенсияга чыктым. Пенсияда болсом дагы 4,5 жыл иштөөгө туура келди», - дейт Г.Насирдинова.

Ал белгилегендей, айылдын маданиятын көтөрүү максатында жана пенсия курактагы аялдардын өнөрлөрүн элге тартуулоо максатында топ уюштурган.

«Топту ачканыбызга бир жылдын жүзү болду. Анда 48 жаштан 63 жашка чейин 10 апа, 3 музыкант бар. Бийчи, кол өнөрчү, мугалим, баатыр эне, таланттуу энелерден куралдык. Жаңы жылды утурлай айыл өкмөттөгү 3 айылга концерт койдук. Нооруз майрамына, Апалар күнүнө ар бир майрамда шаңдуу концерт коюп беребиз. Келечекте чоң ийгиликтерге жетсек деген үмүтүбүз бар», - деди ал.

Баатыр эне аталган Гүлсада Насирдинованын алты кызы, бир уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×