Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 02.01.2018 10:37

Айыл турмушу: Тоңдук эң жаш депутат 23 жаштагы Айбек жаңы идеяларды ишке ашырууда (фото)

Turmush -  Тоң районунун Төрт-Күл айылынын 23 жаштагы тургуну Айбек Ишбаев айылдык кеңештин эң жаш депутаты. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2016-жылы агаларынын сунушу менен Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешине талапкерлигин коюп, өтүп кеткен.

«Бир жылдан бери айылдык кеңештин депутат болуп иштеп келе жатам. Буга чейин 19 жашымда айылдык жаштар уюмунун лидери болчумун. Мен өзүм учурда дене тарбия жана спорт академиясында окуйм. Спорттун күрөш жагына көбүрөөк басым жасадым. Учурда спортчу балдарга колдоо көрсөтүү аракетиндебиз. Мурун жергиликтүү бюджеттен спорт тармагына 10-15 миң сомдой бөлүнсө, кийинки жылы 50 миң сом бөлдүрүүгө аракет кылдык. Тоң районунун жаштары уюштурган сынакта «Мыкты жаш депутат» наамынын ээси болдум. Бул мен үчүн чоң стимул болуп, дагы алдыга умтулууга жана көптөгөн иштерди жасоого түрткү болду. Эми айылды өнүктүрүү боюнча бир топ идеяларды ишке ашыруу үчүн болгон күч-аракеттеримди жумшамакчымын. Бош убактымда спорт менен машыгам жана айылдагы өспүрүп балдарды грек рим күрөшү боюнча машыктырам», - деди ал.

Ал төрт бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×