Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 30.12.2017 12:02

Тоңдун акими 306 баланы куттуктады (фото)

Turmush -  Тоң районунун Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде акимдин жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Ага жалпы 306 бала чакырылганын уюштуруучулар Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиришти.

Майрамга окууда ийгиликтерге жетишкен окуучулар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинен ажыраган балдар күбө болду. Аларды аким Т.Ажиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Төлөнгүтова жана башка өкүлдөр куттуктап, иш-чараны Аяз ата менен Аяз кыз коштоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×