Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Жаш талант: Спорт эркти чыңдоого жардам берет, - тоңдук 16 жаштагы Жолдошбек (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 16 жаштагы тургуну Жолдошбек Бактыбеков самбо жана дзюдо менен машыгып келет. Өзүнүн айтымында, ал көптөгөн мелдештерде ийгиликтерди жаратууда.

«Мен Т.Мырзамамбетов атындагы мектепте 11-класста окуйм. Учурда самбо жана дзюдо менен машыгам. Спорт менен машыгып калышыма агайым Улан Турганбеков жардам берди. Эң алгачкы жолу 2010-жылы Тоң району боюнча спорттук мелдешке катышып, 3-орунду ээлегем. Андан бери көптөгөн турнирлерге катышып, ийгиликтерге жетишип жатам», - деди ал.

Жолдошбек турнир учурунда көптөгөн күлкүлүү окуялар болгондугун белгиледи.

«Мен буга чейин турнирлерге Бактыбек уулу Жолдошбек деген фамилия менен катышып жүрчүмүн. Бир ирет Бишкекте турнирлердин бирине баруу алдында документтеримди өзгөртүүгө туура келип, тизмеге Бактыбеков Жолдошбек деп жазылдым. Бишкектеги мелдеште мени Бактыбеков деп чакырса өзүмдү Бактыбек уулу экенмин деп ойлоп, чыкпай жүрө бергеним эсимде.

Учурда Тоң районунда өтө турган самбо боюнча турнирге даярданып жатам. Мен күрөш менен чоң мелдештерге чыксам деп максат кылам. Спорт адамдын жашоосунда чоң роль ойноп, инсандын мүнөзүн тарбиялоого жана эркти чыңдоого жардам берет. Келечекте Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүгө салым кошууну жана спортчуларга колдоо көрсөтүүнү максат кылам», - деди Жолдошбек.

Ал үй-бүлөдө үч бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1427
Көп окулду
×