Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Мекендештер: Германияда альпинизмди үйрөнүп жаткан 25 жаштагы Алыбек Тоңдо кышкы туризмди өнүктүрүүнү пландоодо (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 25 жаштагы тургуну Алыбек Омоев. Учурда ал Германиянын Берхтесгаден шаарында немис тилин үйрөнүп, туризм боюнча тажрыйба топтоодо. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Алыбектин айтымында, ал БГУда менеджмент багыты боюнча билим алган. Буга чейин туризмди өнүктүрүү жаатында алектенген Сbt Bokonbaevo туристтик маалымат жайында иштеп келген.

«Мен Германияга биринчиден немис тилин үйрөнүү, экинчиден кышкы спортту өнүктүрүү (лыжа сноуборд жана мөңгү коопсуздукту сактоо) боюнча тажрыйба топтоо максатында келдим. Мындан 2 жыл мурун Германияда жашап кеткем. Башында аябай эле кыйын болду. Тамак-аш жагынан кыйналдым, бул жакта картошка, кесме менен тамак жасап жеп жаттым. Учурда Berchtesgaden улуттук паркында иштеп, практикадан өтүп жатам, бул жерде 200дөй киши иштейбиз. Буга чейин туристтик маалымат борборунда иштедим. Азыр улуттук паркта «Альпо» ассоциациясында бийик тоолорго альпинизм боюнча турларды ачууну үйрөнүүдөмүн. Бул жактан тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгү жакшы экен. Улуттук паркта көбүнчө туризмди өнүктүрүү жана жаратылышты сактоо боюнча иштерди алып барышат. Январь айынан баштап лыжа боюнча кызмат өтөйм», - дейт ал.

Ал немистер убакытка так болушарын, айтылган убакытта барбасаң уят деп саналарын жана алар абдан меймандос, аракетчил экенин белгиледи.

«Бул жакта күнүгө план бөлүнүп берилет, ошону так аткаруу зарыл. Германия Кыргызстандан 20 жыл алдыда экен. Мыйзам күчтүү жана жашоо деңгээли салыштырмалуу жогору турганы дароо байкалат. Жада калса иштебеген кишиге да акча төлөшөт. Шаарлар жана жаратылышы таза, көчөлөрдөн таштанды көрүүгө мүмкүн эмес. Кыргызстандай кооз болбосо дагы, токойлору жана тоолору бар Австрияга жакын жайгашкан. Азыр ушул туристтик шаарда жашап жатам, бүт шаарттар түзүлгөн. Жолдорунда жана тоолорунда атайын карталар бар, анда канча мүнөттө жетериң жана канча метр бийктикте экениң боюнча баардык маалыматтар жазылган. Адамдары тааныбаса да учурашып, сый көрсөтүшөт, мейманчыл келишет. Экономикасы аябай күчтүү, жакшы жумушта иштеген адам 1 миң 500 евро алат. Анын 400 евросун өкмөткө берсе, 400 еврого ооруканадан бекер дарыланып, балдарын жогорку окуу жайдан акысыз окутушат.

Саясат жаатында биздикиндей эле айылдык, облустук депутаттары бар. Бир жерде туура эмес иш болуп жатса баары чогулушат жана элдерге мамлекет жакшы көңүл буруп, маселелерди чечкенге жардам берип турат.

Австрия Айсбург деген шаарда кыргызстандык балдар-кыздар университетте окушат. Кыргыздар kg.klub деп атайын сайт жасап алышкан, ошол аркылуу байланышып, кезигип турабыз. Бири-бирибизге жардам беребиз. Жумасына 3 жолу немис тилин окуйм, азыр сүйлөп калдым. Мурда англис тилин үйрөнгөм, англис тилин билсең немис тили жеңилирээк болот экен. Жатаканада 15 кыз жана балдар менен жашайм, көбүнчө немисче сүйлөшөбүз. Мени конок деп сыйлашып, Славенияга, Берлинге, Австрияга туристтик жармаңкелерге жиберип жатышат. Машыктыруучу катары Афганистандан, Сириядан келген качкындарды тоого чыгарып жатам.

Келечекте Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туризмди өнүктүрүүгө салым кошсом деген максатым бар. Тоң району өтө уникалдуу жер, аймакты каада-салт, үрп-адатты сактап калган бүркүтчүлөрдүн мекени деп айтсам жаңылышпайм. Жаратылышыбызды сактап, туризмди жана спортту өнүктүрүү жана Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу негизги максаттарымдын бири», - деди Алыбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1970
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×