Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Тоң районунда 6 миң адам биометриялык паспорт алды

Turmush -  Тоң районунда 6 миң адам жаңы үлгүдөгү паспортко ээ болду. Бул тууралуу райондук паспорттук стол кызматынын жетекчиси Жийдегүл Бейшеева билдирди.

Анын айтымында, райондо 18 жаштан жогорку 31 миң жашоочу катталган.

«Биз жаңы паспортторду май айынан баштап бере баштаганбыз. Бүгүнкү күнгө чейин 6 миң жаран жаңы паспорт алышты, дагы 3 миң жаран паспортун күтүүдө. Кайрылгандар көптүгүнө байланыштуу саат 08:00дөн саат 18:00гө чейин иштеп жатабыз», - деди.

Ал белгилегендей, биометриялк паспортту бекер алуу 30-декабрга чейин жүрөт. 2018-жылдын январь айынан баштап акы төлөнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 306
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×