Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 27.12.2017 08:05

Тагдыр: Тоңдук 28 жаштагы Бермет жолдошу камакта болгондуктан 3 баласын жалгыз багууга аргасыз (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 28 жаштагы тургуну Бермет Асылбек кызы учурда үч баласын жалгыз багууга аргасыз. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Берметтин айтымында, 2016-жылы анын жолдошу Э.Ж.га карата кылмыш иш козголуп, учурда ал камакта.

«Мен Кызыл-Туу айылында төрөлүп, өскөм. 2008-жылы Тогуз-Булак айылына келин болуп келгем. Жолдошум экөөбүз 2 кыз, 1 уулдуу болдук. Жолдошума 2016-жылы кылмыш иши козголуп, азыр камакта отурат. Ал айылдашын өлтүрүүгө шектелүүдө. Бирок ал бул кылмышты кылган эмес. Бул иш боюнча алгачкы соттук отурум ушул жылдын сентябрь айында болгон. Андан кийин белгисиз себептерден улам соттук отурумдар улам жылдырылып жатат. Эмки сот иштери кийинки жылга калтырылды. Мен сот өкүлдөрүнөн ишти акыйкаттуу карап, туура чечим чыгарууну өтүнөт элем», - дейт Бермет.

Ошондой эле, ал жолдошу буга чейин таксист болуп иштегендигин белгиледи.

«Азыр үч баламды жалгыз багууга аргасызмын. Мага жолдошумдун туугандары жардам берип жатат. Үч балам тең аталарын сагынып, «атам качан келет, биз аны сагындык» деп күндө сурашат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×