Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Англис тилчи М.Абдразакованын үнүн уккан эмгек жамааты «ырда» деп айтпай калышкан (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 43 жаштагы тургуну Майрамкан Абдразакова 21 жылдан бери англис тилинен окуучуларга сабак берип, көптөгөн сыйлыктардын ээси болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Майрамкан Абдразакова Тоң районуна караштуу Ак-Терек айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң, Фрунзе шаарында педагогикалык институтту бүтүргөн.

«1996-жылы Тогуз-Булак айылына турмушка чыккам. Азыр Тогуз-Булак айылындагы Мырзамабетов атындагы орто мектебинде англис тилинен сабак берем. Иштеп жатканыма 21 жыл болду. Балдар менен иштөө аябай жакшы, себеби күндө кызыктуу окуялар болуп турат. Негизи жалпылап айтканда окуучулар менен иштөө оор, сабырдуулукту талап кылат. Ар биринин мүнөзү ар кандай, баары менен сүйлөшүп, көңүлүн көтөрүп туруу зарыл.

Мындан көп жыл мурун мектептер ортосунда ыр кесе болгон. Ошол ыр кесеге мектеп директору Кубат Мамбеталиев мугалимдерди ырдатып тандап жаткан. Мага кезек келип “ырда” деди, бирок мен ырдай албай, агай да, мен да бир топко турдук. Ушунча мугалимди күттүрбөйүн дедим дагы акырында чыктым. Мен ырдап баштаганда эле агай токтотуп элдин баары күлүп калышты. Ошондон бери мени "ырда" дебей калышкан.

Жакында эле Мырзамабетов мектебине Америкадан ыктыярчы келген. Анын аты Жареттин кыргызча аты Жапар. Келгенине көп убакыт боло элек. Ал келгенден бери окуучуларда жылыш бар. Ыктыярчылар бир гана мугалим болуп иштешпейт. Алар ар кайсы кесиптин ээлери болушат. Өз ыктыярлары менен чет өлкөлөргө барып иштешет. Ошондуктан кыргыз мугалимдери менен ыктыярчылардын арасындагы айырма көп. Биздин айылга келгенге чейин Кыргызстан жөнүндө окуп үйрөнүшүптүр. Бирок колдонгон методдору окшош эле. Бирок алар башкача пайдаланышат экен», - деди ал.

М.Абдразакова «Жыл мугалими-2004» кароо-сынагынын диплому, Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы, Тоң райондук админстрациясынын ардак грамотасы, КРдин билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун ардак грамотасы менен сыйланып, ушул эле уюмдун отличниги болгон. Ошондой эле, «Жыл профкому» кароо-сынагынын баш байгесин жеңип алган. Учурда ал үч баланын бактылуу апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2102
Көп окулду
×