Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 22.12.2017 13:26

Жаш талант: Тоңдук 16 жаштагы Нурболот райондун алдыңкы волейболчуларынын катарында ойнойт (фото)

Turmush -  Тоңдун Ак-Өлөң айылынын 16 жаштагы тургуну Нурболот Жыргалбеков райондун эң алдыңкы волейболчуларынын катарында ойнойт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, 3 жылдан бери волейбол менен машыгат.

«Спорттун бул түрү менен агаларым машыккан. Аганы көрүп ини өсөт дегендей, мен да волейбол ойноп жатам. Жакында эле биздин команда Токмок шаарындагы таймашта 2-орунду жеңип алдык. Ошондой эле, Караколдо 1-орунга, Кара-Балтада 2-орунга ээ болдук. Учурда Түп районунда өтө турган турнирге даярданып жатабыз. Өзүм Тоң районунун курама командасында ойнойм. Айылдагы байкелер 4 мыкты спортчуну тандап, андан кийин элдин алдында чүчү кулак кармап, ошол аркылуу командага кабыл алынгам. Биздин тайпа райондун ар бир айылындагы волейболду жакшы ойногон балдардан түзүлгөн. Башында командага келгенде абдан толкунданып жүрдүм. Азыр көнүп, башка балдар менен достоштум. Бош убакта ыр жазып, китеп окуйм жана кыргыз тили сабагын жакшы көрөм. Келечекте Кыргызстанды чет өлкөлөргө тааныткан жигиттерден болсом деген максатым бар», - деди ал.

Н. Жыргалбеков учурда С.Каралаев атындагы мектебинде 10-класста окуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×