Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 22.12.2017 12:13

3 күн мурун жоголгон 13 жаштагы Сыймык Балыкчыда табылды

Turmush -  Тоң районунда изделип жаткан 13 жаштагы Сыймык Акылбек уулу кечээ, 21-декабрда Балыкчы шаарында табылды. Бул тууралуу Тurmush басылмасынын аймактык кабарчысына РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Сыймык саат 17:00 чамасында табылып, милиция кызматкерлери аны ата-энесине өткөрүп беришти.

Анын апасы Кайыркүл Насированын айтымында, учурда уулунун ден соолугу жакшы. Бирок ал башка маалымат берүүдөн баш тартты.

Буга чейин маалымдалгандай, Сыймык 18-декабрь күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн дептер сатып алуу үчүн дүкөнгө чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып барган эмес. Ал 2004-жылы 3-февралда Кара-Талаа айылында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×