Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 22.12.2017 12:03

Тоңдо уйлардын 65 пайызы идентификациялоодон өттү (фото)

Turmush -  Тоң районунда уйлардын 65 пайызы идентификациялоодон өттү.

Райондук ветеринария башкармалыгынын директорунун орун басары Нурбек Сагындыковдун айтымында, Тоң боюнча 35 миң 598 мал бар, анын ичинен 22 миң 567 уйга идентификациялоо жүргүзүлдү.

«Идентификация иштери 20-январга чейин бүтүшү керек. А, биз 31-декабрга чейин бүтүүгө болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Район боюнча 32 адис бар. Бирок жумуштун оордугуна байланыштуу кошумча 15 жумушчу алынды», - деди ал.

Учурда малды идентификациялоодон өткөрүү үчүн ар бир уйга 70 сомдон акы алынууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×