Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 22.12.2017 08:16

Фото - Ысык-Көл облусунун аймагындагы браконьерлерге каршы рейд иш-чаралары

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында 11 айдын ичинде браконьерликти токтотуу боюнча 14 рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Ысык-Көлдүн биосфералык аймагы» башкы дирекциясынан билдиришти.

Аталган ведомствонун маалыматына караганда, көрсөтүлгөн мезгилде жалпы узундугу 76 миң 500 метрди түзгөн 900 балык кармоочу торлор, ошондой эле 7 резина кайык алынды. Ысык-Көлдүн сырт аймагындагы рейд иш-чараларынын жүрүшүндө 12-16 мм калибриндеги 4 курал алынып, материалдар Балыкчы шаарынын жана Тоң районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Аталган убакыт аралыгында 41 миң 100 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Браконьерлер менен күрөшүүгө жарыяланган 3 айлыктын алкагында 2 рейд иш-чарасы өткөрүлүп, анын жүрүшүндө жалпы узундугу 1 миң 500 метр болгон 150 тор алынды.

Тоң жана Ысык-Көл райондорунун аймагындагы акваториялардан 4 резина кайык табылып жана жаратылышты коргоо мыйзамын бузган 3 факты катталып, 9 миң сом административдик айып салынды.

Маалыматта белгиленгендей, Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин кызматкерлери менен бирге Семиз-Бел тилкесине жүргүзүлгөн рейдде мыйзамсыз аңчылык фактысы боюнча Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Ага 10 миң сом доо коюлуп жана 600 сом административдик айып салынды.

Браконьерлер менен күрөшүүгө жарыяланган 3 айлыктын алкагында жалпы 14 миң 40 сомго доо коюлуп, 9 миң 600 сом айып салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×