Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Бөкөнбаев айылындагы унаа устаканасы спорттук комплекске айланды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жаңы спорттук комплекс ачылды, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, 2011-жылы айылдагы жаштарды спортко үндөө максатында Чыгыш айыл аймагы «Айкөл» кооперативинин унаа устаканасын 2 млн сомго сатып алган. Ал эми, каражат Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнүп, имаратты калыбына келтирүүгө жалпы 11 млн 987 миң сом сарпталды.

Райондук спорттук мектеп жаңы имаратка көчүрүлдү. Спорттук комплексте самбо, дзюдо, шахмат, теннис жана тогуз коргоол боюнча 200гө жакын окуучуга күнүнө 4 маал машыгууга шарт түзүлдү.

Спорттук комплексте Нурлан Аламанов, Нурбек Уруков, Төлөмүш Абылкасымов, Мээримбек Мамбетказиев, Талапбек Белеков, Бектемир Омоев, Адилет Эсенгулов жана Баатырбек Солтоев машыктыруучу болуп эмгектенишет.

Алардын айтымында, аталган комплексте эл аралык жана республикалык деңгээлдеги таймаштарда жеңишти багындырган спортчулар машыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 383
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
20:00,   16.01.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×