Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 21.12.2017 12:53

Тоңдо 3 күндөн бери 13 жаштагы өспүрүм изделүүдө (фото)

Turmush -  Тоң РИИБдин кызматкерлери 13 жаштагы Сыймык Акылбек уулун издеп жатат. Ал 2004-жылы 3-февралда Кара-Талаа айылында төрөлгөн.

Сыймык 18-декабрь күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн дептер сатып алуу үчүн дүкөнгө чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып барган эмес.

Кийген кийимдери: башында кара-кызыл сызыгы бар топу, үстүндө жашыл-көк түстөгү толстовка, кара түстөгү шым жана бут кийим.

Сыймык Акылбек уулун көргөн же билгендер болсо 03947 91 3 42, 0700 72 97 29, 0552 72 9729 (РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө), 0709 16 79 57 (апасы) телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×