Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Тоңдо браконьерлерге каршы өткөрүлгөн рейдде көлдөн мыйзамсыз торлор алынды (фото)

Turmush -  Тоң районунда 17-декабрда мыйзамсыз балык улоо боюнча рейд жүргүзүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Рейд Тоӊ районунун Б.Мамбетов, Тоӊ, Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу Кекилик участкасынан Ак-Булуӊ, Кара-Сай участкасына чейинки аймакта жүргүзүлдү. Ага Тоӊ районунун акиминин орун басары Т.Алымбеков, Тоӊ районунун экономиканы өнүктүрүү секторунун башкы адиси У.Баялиев, Тоӊ районунун экономиканы өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси У.Шамырканов, Б.Мамбетов айыл аймагынын башчысы И.Көөкөров, Б.Мамбетов айыл аймагынын адиси С.Расулов, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарлар аралык экологиялык, техникалык коопсуздук инспекциясынын улук инспектору Т. Орозов, Тоӊ районунун экотехинспексиясынын инспектору С.Жумалиевдер катышты.

Рейддин жыйынтыгында 1,800 чарчы метр 5х5 ченеминдеги узуну 100 метр, туурасы 5 метр болгон балык уулоочу торлор чечилип алынды. Сактоо жана эсептен чыгаруу боюнча актынын негизинде алынган торлор Экотехинспекциясынын сактоочу жайына өткөрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1074
Көп окулду
×