Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 19.12.2017 12:53

Тоӊ балык чарбасынын адистери 562 миӊ форель балыгынын уруктарын өстүрө башташты

Turmush -  Тоӊ районунун Күн-Чыгыш айыл аймагында жайгашкан Тоӊ балык чарбасынын адистери 562 миӊ форель балыгынын уруктарын өстүрө башташты. Бул тууралуу Күн-Чыгыш айыл аймагынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, быыл балыктардын уруктарынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 30%га көп. Балык өстүрүү цехинде 8 адам иштейт.

Материалдык техникалык базасынын начардыгына карабастан бул чакан жамаат уруктарды белгиленген жылуулукта кармап, кылдаттык мамиле жасап өстүрүү менен көлдөгү форель балыгынын көбөйүүсүнө өз салымдарын кошууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×