Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Кара-Талаа айылында заманбап шарттар менен спорттук зал ачылат

Turmush -  Тоң районундагы Кара-Талаа айылында Болот Алаков атындагы орто мектебинин спорт залы курулуп жатат. Дене тарбия мугалими Дайырбек Алаковдун айтымында, буга чейин мектепте спорт зал болгон эмес.

«Кышкысын окуучуларга дене тарбия сабагы окутулбай калган учурлар болот. Мектептер арасындагы спартакиадалар көбүнчө спорт залда өтөт. Эшикте машыккандар менен залдын ичинде ойноп жүргөн окуучулардын айырмасы бар. Мелдештерде ошол себептүү кыйынчылыктар жаралат.

Жаңы спорт залда керектүү шарттар толук түзүлдү. Жакын арада пайдаланууга берилип, окуучулар спорт залда ойношун чыдамсыздык менен күтөбүз», - деди мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 395
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×