Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.12.2017 16:12

Жаш талант: Тоңдук 15 жаштагы К.Аликов дзюдо, самбо боюнча ийгиликтерди жаратууда

Turmush -  Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 15 жаштагы тургуну Кутман Аликов спорттун самбо жана дзюдо түрү менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Кичинекей кезимден бери спортко кызыгам. Спортко кызыгуума атам түрткү болду. 1-класстан баштап машыга баштадым. Эң биринчи жолу Сокулукта өткөн мелдешке катышып, 3-орунду алгам. Андан кийин райондук мелдештерге катышып, 1-2-орундарды алып жүрдүм. Анан Бишкек шаарындагы турнирде 1-орунду багындырдым. Мындан тышкары, райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги мелдештерде алдыңкы орундарга ээ болуп келе жатам. Атама абдан ыраазымын. Машыктыруучум өзүмдүн атам. Машыгуу учурунда көп деле талап койбойт», - деди ал.

Кутмандын айтымында, мелдеш учурунда күлкүлүү окуялар көп болот.

«Турнирде аты-жөнү окшош спортчулар көп болот. Анан мени чакырып жатат деп барып, ортодо турсаң «сен эмес» десе уялып каласың. Кол кайруу ыкмасын колдонгондо дене жакшы жибибей калса, атаандашыңдын колу чыгып же сынып кеткен учурлар көп болот. Бактыга жараша менде андай учур болгон жок. Бирок кээ бирде колумду кайрып, оорутуп алам. Машыгууга барбай калсам өзүмдү оор сезип, башкача боло берем. Күн сайын 2 сааттан машыгам. Келечекте кыргыз эли сыймыктана турган, Кыргызстандын атын алыска тааныткан мыкты спортчу болгум келет. Чет мамлекеттердеги мелдештерге катышуу максатым бар жана бактылуу үй-бүлө кургум келет», - деди ал.

Учурда К. Аликов Т.Мырзамамбетов атындагы орто мектебинде 10-класста окуйт. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×