Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жаш талант: Шахмат мелдешинде 1-орунду алган тоңдук Таттыбүбү келечекте депутат болгусу келет (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 16 жаштагы тургуну Жеңишбек кызы Таттыбүбү шахмат боюнча сынакка катышып, 1-орунга ээ болду. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Т.Мырзамамбетов атындагы орто мектепте 10-класста окуйт.

«Мектепте тарых, орус тил, география, чет тил, алгебра, физика сабактарын жакшы көрөм. Кээде ыр жазам. Кичинекей кезимен бери жазуучу болууну самайм. Көбүнчө дүйнөлүк саясатка, шахматка жана фантастикалык, тарыхый чыгармаларга жана сүрөттөргө көңүл бурам. Бош убактымда китеп окуйм, тарыхый романдарды, бизнес боюнча китептерди окуп жүрөм. Ошондой эле, шахмат ойногонду абдан жакшы көрөм. Үйдө атам шахмат ойночу, аны менен отуруп эле үйрөнүп алдым. Андан соң бир туугандарым менен ойноп калчумун. 6-класста окуп жүргөндө Тоң райондук биринчиликке катышып, 3-орунга ээ болгом. Кийин жыл сайын мелдештерге катышып, райондон 1-2-орунду ээлеп жатам.

Акыркы жолу Тоң району боюнча өткөрүлгөн турнирде 1-орунду ээледим. Бул акыркысы эмес, буюрса алдыда дагы көп ийгиликтерди багындырам деп ишенем. Шахматтан сырткары теннис ойнойм. Ал эми келечекте юрист болгум келет. Алдыдагы максатым — жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы жыйынтык көрсөтүү жана ЖОЖго өтүп, өз кесибимдин мыкты адиси болуу. Келечекте Жогорку Кеңештин депутаты болсом деген максатым бар», - деди үч бир туугандын ортончусу Таттыбүбү.

Кетели

Дүйнө-мүлккө сатпаймын өз мекенимди,
Азгырса да бербеймин өз жеримди.
Жаратылыш кооздугуна суктанамын,
Эмне десең, баары бар сураганың!

Заңкайган улуу тоолор курчап турат,
Мекенимди душмандан коргоп турат.
Күлмүңдөп тунук суулар агып турат,
Мекенимди меймандос кыргыз эли курчап турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 663
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
20:00,   16.01.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×