Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Бөкөнбаев айылында 100 орундуу бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы №2 бала бакчасына кошумча курулган 100 орундуу имараттын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Салтанаттуу ачылышка райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Т.Ажиев, айыл өкмөт башчысы У.Турганбаев, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мекемелердин жетекчилери катышты.

Бала бакчанын жетекчиси А.Өмүрканованын маалыматына караганда, бала бакчанын имараты 2014-жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 1 млн 975 миң сомго сатылып алынып, муниципалдык менчикке өткөрүлгөн. 2016-жылы үлүштүк дем берүүчү гранттар долбооруна бала бакчаны толугу менен оңдоо боюнча айыл өкмөт тарабынан долбоор даярдалып, жалпы 2 млн 676 миң сом утуп алган. Айыл өкмөттөн өздүк салым катары 1 млн 349 миң сом берилди. Ал эми бала бакчанын эмеректерине Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнүп, 1 млн 232 миң сомго инвентарлар толугу менен алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 424
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×