Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жаш талант: Тоңдук 14 жаштагы Саадат айылда бийчи жана спортчу катары белгилүү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 14 жаштагы тургуну Саадат Турсункожоева айылдагы активдүү кыздардын бири. Ал «Датка» бий тобунда бийлейт жана волейбол боюнча мелдештерге катышат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда ал Т.Мырзамамбетов атындагы мектепте 9-класста окуйт.

«Мен 3 жылдан бери бий боюнча ийримдерге катышып келем. Эң биринчи «Ысык-Көл жылдыздары» сынагына катышып, ал жерден районго жолдомо алып, райондон көп мектептердин арасынан 2-орунду алып облуска өткөнбүз. Учурда облусук мелдешке даярданып жатабыз. «Датка» бийчилер тобунда 6 кыз бар. Кыргыз, өзбек, испан жана чыгыш бийлерин бийлейбиз. Бизге бийди мугалим Гүлбагда Бахматова үйрөтөт. Костюмдарды мектеп фондунан бөлүнгөн каражатка тиктиребиз. Жакында эле ата-энелер комитети өзбек көйнөгүн тиктирип беришти. Бийден сырткары волейбол боюнча мелдештерге катышам. Быйыл мектептин курама командасына кирдим. Тоң району боюнча мектептер арасында өткөн мелдештерге катышып турабыз. Бий жана волейбол менен гана чектелбестен англис жана орус тилин өздөштүрүп жатам. Келечектке котормочу болуу тилегим бар», - деди Саадат.

Ал ата-энесинин жалгыз кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 434
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×