Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Эгиздер: Тоңдук Аяна менен Диана азыркыга чейин бири-биринин кулагын кармап укташат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Эшперов айылынын 10 жаштагы тургундары Илияева Аяна менен Диана азыркыга чейин бири-биринин кулагын кармап укташат. Эгиздердин апасы Гүлзат Акирова аймактык кабарчыга кыздары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, боюнча бар кезинде эгиз кыздуу болорун билип, абдан кубанган.

«Аяна Дианадан 10 мүнөткө улуу. Төрөлгөндө улуусунун салмагы 2 кг 500 гр, кичүүсүнүкү 2 кг 350 гр болгон. Жалгыз балдарым боюмда барда көп кыйналган эмесмин. Эгиз балдарым боюмда барда кыйналдым, жайдын күнү болгондуктан буту-колдорум шишип, кан басымым бат-баттан көтөрүлүп турду. Бакканда да айырмасы чоң болот, бирөөсүн уктатсаң, экинчиси ойгонот. Ошентип уйкусуз түндөр дагы көп болду. Ал учурда жолдошум жардам берди. Кыздарым дайыма чогуу жүрөт, бирге тамактанышат жана чогуу укташат. Аянанын мүнөзү ачык, шайыр бирок өтө шашма жагы бар. Диананын мүнөзү токтоо, сабырдуу, көп нерсени сыртка чыгарбайт. Экөө бири-бирине окшобойт, бири сары, экинчиси кара кыз. Кичүүсүнүн бою узун», - деди ал.

Ал белгилегендей, Аяна менен Диана азыркыга чейин бири-биринин кулагын кармап укташат.

«Жолдошумдун бир тууганынын кыздары, чоң эжелери кичинекей кезинде кулактарын кармап укташчу экен. Ушундай эле көрүнүш менин кыздарымда дагы бар. Кичинекей кезинде менин кулагымды кармап укташса, азыр бири-биринин кулагын кармап укташат. Дайыма окшош кийим алып берем. Эгиз балдарды окшош болсун деп эле кийинтишет деп ойлосом, көрсө эгиздер атаандашат экен. Кичине эле айырма болуп калса чыр салат, кызгана беришет. Бири башка кыз менен ойноп калса экинчиси жинденет.

Аяна сүрөттү жакшы тартат, Диананын сүрөтүн тартып берет. Диана сабакты жакшы окуйт, журналист болгусу келет», - деди ал.

Эгиздер беш бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2310
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×