Turmush — УКМК жалданмачылыкты уюштурууга шектелген адамды кармады.
Соттун маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 19-апрелиндеги токтому менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсүнүн Л.С.А.га карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 3-бөлүгү (уюштуруучу, тукуруучу жана көмөкчү) - 416-беренесинин 1-бөлүгүндө (башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу) каралган кылмышты жасаган деп шектелүүдө.
Л.С.А.га карата тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин, тактап айтканда 2025-жылдын 17-июнуна чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулду.
Айрым маалыматтарга караганда, Л.С.А. Ош шаарынын тургуну.