Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 35 жаштагы тургуну Айзат Оморова республикалык деңгээлде өткөн жумушчу кесипттердин улуттук 2-чемпионатында 1-орунду ээледи. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Анын айтымында, «Worldskills Kyrgyzstan-2025» чемпионаты 14-апрелде Бишкек шаарында башталган. Бул чемпионатка Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейдин окуучулары «Ашпозчулук иш» компетенциясы боюнча быйыл экинчи ирет катышты. Бул жылы 2-курста окуган Альбина Туралиева аталган компетенция боюнча жарышка катышкан.
Катышуучулар бул жолу 8 модуль боюнча ат салышып, сынактын биринчи күнү «Муздак ысылыктар (тамак) жана торт», экинчи күнү «Ысык тамактар, ысылыктар жана десерт» категориясы боюнча тамак даярдашты.
Ал эми Альбина Туралиеваны сынакка даярдаган Айзат Оморова чемпионаттын алкагында быйыл биринчи ирет устаттар арасындагы сынакка катышып, биринчиликти камсыздады.
Ал 1990-жылы Токтогул районунун Саргата айылында туулуп, К.Токторалиев мектебин бүтүргөн. Ошондой эле М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин коомдук тамактануу технология факультетин аяктаган. Кесиби боюнча коомдук тамактануучу жайлардын технологу, мекеменин менеджери (экинчи кесиби). Азыркы тапта Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейде «Ашпозчулук иш» компетенциясы боюнча мугалим-устат болуп иштейт. Мугалимдик ишмердүүлүктү аркалаганына 4 жыл болгон.
Өзүнүн айтуусунда, коомдук тамактануу тармагында көп жылдан бери эмгектенип келе жатат.
«Бул сынак мастерлердин көндүмдөрүн тастыктоо максатында өткөрүлдү. Былтыр мындай өткөрүлгөн эмес. Быйыл WorldSkills сынагы устаттардын чеберчилигин, даярдыгын, канчалык деңгээлде компетенттүү экенин тастыктоо үчүн уюштурулду. Тапшырмалар сынакка бир аз күн калганда берилген. Тактап айтканда, 14-апрелде устаттардын арасында сынак өттү. Кыргызстандын 7 облусунан жана Бишкек шаарынан жалпы 8 устат катышты. 3 модуль берилди. Биринчиге дүйнөгө белгилүү классикалык «Цезарь» салатын жасоо, экинчиге уй этинен медальион катталган картошка, шарап соусу менин, үчүчүгө Италиянын десерти мильфей же болбосо катталган камырдан жасалган десерт жасоо болчу. Ушул 3 тапшырма менен 4 жарым саат устаттар өзүнүн мыктылыгын көрсөттү.
Бул сынакка катышуу мен үчүн оордук туудурган жок. Баарын өз убагында аткардым. Негизи критерийлер абдан көп. WorldSkills сынагынын стандарты боюнча атайын эксперттер өздөрүнүн баалоо ыкмаларын колдонушат. Устаттардын сынагы 14-апрелде өткөрүлсө, 15-16-апрелде окуучулардын сынагы өттү. Былтыр да аталган сынактан окуучум биринчи орунду алып, Франциянын Лион шаарына барып, дүйнөлүк чемпионатка катышып келген», - деди Айзат Оморова.