Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө алгылыктуу иштер аткарылууда.
Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Бөкөнбаев айылынын борбордук көчөсүнө оргума (фонтан) куруу боюнча жергиликтүү бюджеттен 2.300 миң сом каралган. Сатып алуулардын жыйынтыгында 1795,0 миң сом менен «Жанара Кут» ЖЧКсы утуп алган.
Аталган курулуш ишканасынын жетекчиси Жаналиев Тилек Тентимишович өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан сметада көрсөтүлгөн жумуштардан сырткары 300.0 миң сомдук жумушту кошумча аткарып берген. Бул долбоорду ишке ашыруу менен айыл аймактын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу иштери аткарылып, калктын эс алуусуна жагымдуу шарттар түзүлдү.
1989-жылы Бөкөнбаев айылындагы Саке Ажы көчөсү аркылуу Коргонду-Булак, Шатылы, Керген-Таш аймактарынын унаа жолуна асфальт төшөлгөн. 34 жылдан бери жолдун абалы бир топ эле начарлап, элдин нааразычылыгын жаратып келген.
Жергиликтүү бюджеттен каражат тартыш болгондуктан «Беш Алтын» ЖЧКсы тарабынан социалдык пакет эсебинен 600 метр узундуктагы жол асфальтталып, пайдаланууга берилди.
Аталган ЖЧК тарабынан жолдун жээктериндеги суу өтүүчү латокторду салуу үчүн тиешелүү материалдар алынып берилет жана жол белгилери чийилет.