Turmush — Төлөнов Улан Төлөнович Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка аким Байышбек Астанакулов кечээ, 3-февралда кол койгон.
Улан Төлөновду Кажы-Сай айылдык кеӊешинин депутаттарына жана эмгек жамаатына Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Болот Мамбетов тааныштырды.
У.Төлөнов 1979-жылы туулган. 2003-жылы К.И.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетин экономика адистиги боюнча окуп бүтүргөн. Ал Тоң райондук мамлекеттик администрациясында ар кандай кызматтарда эмгектенген.